Саат 14:00гө карата кыргыз -тажик чек арасында ок атышуу уланууда. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти. Билдирүүгө ылайык, тажик тарап оор аскердик техникаларын чек ара тилкесине алып келүүдө.
«Ведомство кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалдын курчуп кетпеши үчүн бардык чараларды көрүп жатат» деп билдиришти атайын кызматтан.
Бүгүн, 3-июнда Баткен облусунун кыргыз-тажик чек арасында ок атышуу орун алды.