7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Казакстанда экс-министр аялынын өлүмүнө шек саналып камалды

734

Казакстанда экс-министр аялынын өлүмүнө шек саналып камалды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, окуя Астанадагы ресторандардын биринде болгон. Анда 31 жаштагы Салтанат Нукенованы анын жолдошу 43 жаштагы Куандык Бишимбаев катуу сабап салган. Алган жаракаттардан улам аял жеринде каза болгон.

Казакстандын мурдагы экономика министри Куандык Экс-министр 11-ноябрда Астана сотунун чечими менен «Киши өлтүрүү» беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында эки айга камалды. 12-ноябрдын кечинде ушул ишке байланыштуу Астанадагы «Гастро-борбор» деп аталган соода борборунун жетекчиси да «адам өлүмүн жашырган» деген шек менен кармалды.

Полиция «кылмышты жашыруу» жана «коркунучта калтыруу» беренелери боюнча кылмыш ишин козгоду.

Эске салсак, Бишимбаев мурдагы президент Нурсултан Назарбаевдин тушунда Экономика министрлигин жетектеген. 2018-жылы ал коррупцияга айыпталып, 10 жылга камалган. Бирок 2019-жылы мөөнөтүнөн мурда бошотулган.

735