7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Казакстанда «индиялык штаммдын» белгилери байкалган вирустун мутациясы аныкталды

1618

Бүгүн, Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин өлкөдө “индиялык штаммдын” белгилери байкалган вирустун мутациясы аныкталганына байланыштуу Нур-Султанда санитардык-эпидемиологиялык талапты күчөтүүнү тапшырды.

«Белгилүү болгондой, борбор калаада коронавирустун дельта-штаммга мүнөздүү болгон, тез жуккан жана тез өнүккөн, ошондой эле кесепеттери оорураак мутациясы аныкталды. Бүгүн санитардык-эпидемиологиялык чараларды күчөтүүнү иштеп чыгуу боюнча мекеме аралык комиссиянын жыйынын өткөрүүнү тапшырам», – деди Мамин.

Казакстандын саламаттык сактоо министри Алексей Цой өкмөт жыйынында коронавирус инфекциясына кабылган бейтаптарга жардам көрсөтүү үчүн ооруканаларды керектүү жабдуулар, дары-дармектер менен камсыздоо зарылдыгын белгиледи.

Белгилей кетсек, Нур-Султан коронавирус инфекциясынын жайылышы боюнча “кызыл” зонага кирет. Шаарда өткөн суткада вирус жуктурган 323 жаңы учур катталган.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1619