7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Казакстанда карантиндик чаралар кайрадан күчөтүлөт

265

Казакстанда коронавирус илдетине байланыштуу кайралан карантиндик чаралар күчөтүлүүдө. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары жазып чыгышууда.


Маалыматка ылайык, карантин 25-декбрдан 5-январга чейин күчөтүлөт.


«Жекшемби күнү премьер-министр Аскар Мамин Казакстанда коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу боюнча мекемелер менен жыйын өткөрдү. Өлкөнүн Атырау, Костанай, Павлодар, Түндүк Казакстан жана Акмола облустары илдеттин жогорку жана орто тобокелдик чегинде турганы айтылды. Ошондой эле январь-февраль айларында курч респиратордук вирустуу инфекциялардын фонунда коронавирус (КРВИ) күчөшү мүмкүндүгү эскертилген», — деп берилет маалыматта.


Премьер-министр 2020-жылдын 25-декабрынан 2021-жылдын 5-январына чейин көңүл ачуучу, спорттук жана башка массалык иш-чараларга, анын ичинде жаңы жылдык кечелер менен майрамдык корпоративдерге тыюу салынарын жарыялады.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

266