7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Казакстанда мектеп окуучулары формасыз окууга барууга уруксат берилди

691

Алдыдагы окуу жылында окуучуларга мектеп формасыз сабакка барууга уруксат берилет. Бул тууралуу Казакстандын билим берүү жана илим министри Асхат Аймагамбетов “Фейсбуктагы” баракчасында билдирди. Окуучулар сабакка классикалык үлгүдөгү кийим менен катыша алышат.

Министр мындай чечимди карантиндик чектөөлөр маалында соода жайларында узун кезек жаратпоо ниети менен байланыштырды. Буга кошумча экономикалык оор жагдайда айрым үй-бүлөлөрдүн форма сатып алууга мүмкүнчүлүгү жок экени да эске алынган.

«Мектеп формасын колдогондон менен каршылык билдиргендердин пикирин таразалап, бардык жагдайды эске алып, биз окуучуларга мектеп формасында гана эмес классикалык стилдеги кийим менен келүүгө да мүмкүнчүлүк берүүнү чечтик» – деп жазды министр.

Казакстандын билим берүү жана илим министри май айында келерки жылы өлкөнүн билим берүү системасы аралыктан окутуу форматын көтөрө албай турганын билдирген.

Июль айында казак президенти өкмөткө окуучулар менен студенттердин салттуу форматта билим алышын камсыздоону тапшырган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

692