7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Казакстанда өтө турчу көчмөндөр оюндарына 18 улакчы барат

396

Казакстанда 8-13-сентябрда өтө турчу V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 18 улакчы барат. Бул тууралуу Көк бөрү федерациясынан кабарлады. 

Турнирде көк бөрү жана жер улак боюнча мелдештер өтөт. Анда бир улакчы спорттун эки түрүнө тең катыша алат.

Окуу-машыгуу учурунда өзүн мыкты көрсөткөн алты оюнчу спорттун эки түрүнө тең катышат. Учурда улуттук курама команда Ысык-Көлдө машыгууда. Сентябрдын башында алар саяпкерлер, машыктыруучулар жана жетекчилердин коштоосунда Астанага барары кошумчаланды. Оюнчулардын минген аттары дагы жөнөтүлөт.

Кыргызстандын улуттук курама командасына кирген оюнчулар:

Жолдошбек Орозбаев; Манас Ниязов; Дастан Сагынбек уулу; Эрлан Төлөбеков; Дастан Русланов; Рустам Тыналиев; Фархат Бейшекеев; Ильяз Исаков; Кубаныч Султан уулу; Кушчубай Илис уулу; Исхак Бекболо уулу; Нооруз Раатбек уулу; Өмүрбек Эсен уулу; Нуржан Мелисбек уулу; Нурдин Болотбеков; Эмирлан Жеңишбеков; Майрамбек Рыспеков; Баяман Муралим уулу.

397