7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ирандагы президенттик шайлоодо реформачыл талапкер Пезешкиан жеңди

115
Ирандагы президенттик шайлоонун экинчи айлампасында реформачыл канаттын талапкери Масуд Пезешкиан жеңип, өлкөнүн тогузунчу президенти болду. Бул тууралуу РИА  Новости жазды.
Пезешкиан шайлоодо 16 миллион 384 миң 403 добуш алса, атаандашы Саид Жалили 13 миллион 538 миң 179 добуш алган.
Кесиби боюнча дарыгер. Ал президент Мохаммад Хатаминин экинчи мөөнөтүндө (2001-2005) Ирандын саламаттык сактоо жана медициналык билим берүү министри болуп иштеген.
Ирандын президенти өлкөнүн жогорку лидери аятолла Али Хаменеиден кийинки экинчи күчтүү фигура болуп саналат.
Эске салсак, Ирандын буга чейинки президенти Эбрахим Раиси 19-майда тик учак кырсыгынан каза болгон.
116