7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Казакстандын президенти Кыргызстанга расмий сапары менен келет

220

Казакстан Республикасынын президенти Касым-Жомарт Токаев 21-августта Кыргыз Республикасына расмий сапар менен келет. Бул тууралуу Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сагынбек Абдумуталип билдирди.

«Сапардын алкагында Мамлекет башчыларынын тар курамда эки жактуу сүйлөшүүлөрү жана Жогорку мамлекеттер аралык кеңештин кезектеги жетинчи жыйыны өтөт. Тараптар өз ара кызыкчылык туудурган бардык багыттар боюнча эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле кыргыз-казак мамилелеринин өнүгүү келечегин талкуулашат. Ошондой эле сапардын жүрүшүндө эки өлкөнүн лидерлеринин катышуусунда Ынтымак паркында «Достуктун алтын көпүрөсү» монументинин расмий ачылыш аземин өткөрүү пландалган.

Сапарга карата бир катар иш-чаралар, анын ичинде Казакстан Республикасынын Ош шаарындагы Башкы консулдугунун расмий ачылыш аземи, Л.Н. Гумилев атындагы Евразия улуттук университетинин Ош шаарындагы филиалынын ачылышы, ошондой эле Кыргызстанда казак киносунун күндөрүн жана Бишкек шаарында үчүнчү Кыргыз-Казак жаштар форумун өткөрүү пландаштырылган», — деп белгиледи Сагынбек Абдумуталип.

221