7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто келин ымыркайын ооруканага таштап, Түркияга качмакчы болгон

698

Бүгүн 6-сентябрда «Акипресс» маалымат агентигинин сайтында «У младенца в реанимации арестовали мать. Дети просят помощи» деген темада материал жарык көргөн. Анда, милиция тарабынан кармалган шектүү аялдын апасы журналисттерге маалымат берип, анын кызын мыйзамсыз камап койгондугун билдирген. Бул факт боюнча Ош ШИИБ төмөндөгүлөрдү билдирди.

«Кармалган 1991-жылы туулган К.А.нын үстүнөн Ош шаарынын 4 жашоочуларынын үстүнөн арыз түшкөн. Алардын арызына ылайык 4 жабырлануучулар ири суммадагы акчаларын алдатышкан. Тагыраак айтканда, шектүүгө 538 миӊ, 40 миӊ, 50 миӊ жана 70 миӊ (жалпы суммасы 698 миӊ доллар) акча каражаттарын беришкен. Анткени шектүү аларга ири партиядагы балдар кийимин жана иштеп жаткан тигүү цехин сата турган болуп алдаган. Анын бул кылмыштуу аракетинен улам КРнын кылмыш кодексинин алдамчылык беренеси (209-берене) менен кылмыш иши козголгон. Тергөөчү тарабынан бир нече ирет чакырылгандыгына карабастан, өзү жашап турган Өзгөн районунан Бишкек шаарына качып кеткен»,- деп берилет маалыматта.

Баласын Бишкектеги ооруканага медицина кызматкерлерине айтпастан таштап чыгып, Бишкек-Стамбул багыты боюнча кылмыш жоопкерчилигинен качып бара жаткан учурда кармалып милицияга жеткирилген. Бишкектеги оорукана жетекчилиги тарабынан өз баласын таштап кеткендиги боюнча акт түзүлгөн.

«Учурда, аталган шектүүнүн үстүнөн ушул сыяктуу бир нече факт аныкталган. Жабырлануучулардын чыгымы 300 миӊ доллардан көп. Шектүүнүн апасынын журналисттерге берген маалыматын «кызын кылмыш жоопкерчилигинен куткарууга жасаган аракети» деп баалайбыз. Шектүүнү 15-сентябрга чейин абакта кармоо боюнча чечим чыкты», -дешти милициядан.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

699