7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кеминде ГЭС курган компания экологияга 16 млн сом зыян келтирген

321

Кемин районунда ГЭС куруу учурунда экологиялык мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, Кичи-Кемин айыл өкмөтүнүн Сары-Күнгөй коктусунда чакан ГЭС куруп жаткан «Энергия Будущего» ЖЧКсынын ишмердүүлүгүнө пландан тышкары текшерүү жүргүзүлгөн.

Анын жүрүшүндө курчап турган чөйрөнү коргоо мыйзамдарынын талаптарын бузуу фактылары, анын ичинде курулуш иштерин жүргүзүүдө экологиялык ченемдердин сакталбагандыгы аныкталган. Бул жагдай курчап турган чөйрөгө терс таасирин тийгизген.

Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча акт түзүлүп, эскертүү берилди. Келтирилген зыяндын ордун толтуруу максатында 16 млн 353 миң 792 сом өлчөмүндө доо арыз коюлду. Тиешелүү материалдар белгиленген тартипте кароо үчүн жөнөтүлдү.

322