7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кара-Балтада таштандыны япон ыкмасы менен кайра иштетүү пландалууда

169

Кара-Балта шаарында Япониянын «Фукуока» технологиясын колдонуу менен заманбап таштанды полигонун куруу боюнча пилоттук долбоорду ишке ашыруу пландалууда.Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдирди.

Маалым болгондой, долбоор экологиялык жүктөмдү кескин азайтууга жана таштандыларды башкаруунун заманбап стандарттарына өтүүгө багытталган.

Бүгүн Азия өнүктүрүү банкынын жана Япон фондунун өкүлдөрү менен болгон жумушчу жолугушууда долбоорду ишке ашыруу маселелери талкууланды. Анын ичинде «Фукуока» технологиясын киргизүү, гранттык каржылоону тартуу жана техникалык колдоо көрсөтүү каралды. Аталган технология таштандылардын табигый ажыроо процессин тездетип, уулуу фильтраттардын пайда болушун азайтат жана курчап турган чөйрөгө зыяндуу заттардын бөлүнүп чыгышын алдын алат. Салттуу полигондордон айырмаланып, ал өзүнөн-өзү өрттөнүү коркунучун минималдаштырат жана жагымсыз жыттардын жайылышын кыйла азайтат.

170