7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкек мэриясы калааны жашылдандыруу боюнча сынак жарыялайт

12

Бишкек шаарынын мэриясы «Жашыл шаар» жана «Бишкек мэриясынын жашыл фондду көбөйтүү боюнча эң мыкты муниципалдык аймактык башкармалыгы» аттуу сынактарга катышууга чакырат. Бул тууралуу аталган ведомстводон билдирди.

Сынактар 2026-жылдын 15-апрелинен 15-августуна чейин өткөрүлөт.

Сынактын негизги максаты — тургундардын жана ишкерлердин коомдук демилгелерин колдоо, ошондой эле борбор калаанын жашыл фондун сактоого жана көбөйтүүгө багытталган «Жашыл мурас» улуттук кампаниясынын милдеттерин ишке ашыруу болуп саналат.

Белгилей кетсек, жеңүүчүлөр үчүн жашылдандыруу тармагындагы мыкты демилгелерди колдоо максатында сыйлык фонду каралган.
«Жашыл фондду көбөйтүү боюнча эң мыкты муниципалдык аймактык башкармалык» сынагы:
1-орун — 220 000 сом
2-орун — 180 000 сом
3-орун — 120 000 сом
«Жашыл шаар» сынагы төмөнкү номинациялар боюнча өткөрүлөт:
* «Эң мыкты жашыл короо»
* «Конуштардагы эң мыкты жашыл көчө»
* «Гүлдөгөн бизнес-оазис»
* «Эң мыкты жашыл билим берүү мекемеси»
«Эң мыкты жашыл короо» номинациясы:
1-орун — 4 жеңүүчү (ар бир райондон бирден) — ар бирине 200 000 сом
2-орун — 4 жеңүүчү (ар бир райондон бирден) — ар бирине 100 000 сом
«Конуштардагы эң мыкты жашыл көчө» номинациясы:
1-орун — 200 000 сом
2-орун — 100 000 сом
3-орун — 50 000 сом
«Эң мыкты жашыл билим берүү мекемеси» номинациясы:
1-орун — 200 000 сом
2-орун — 150 000 сом
3-орун — 100 000 сом
«Гүлдөгөн бизнес-оазис» номинациясы:
1-орун — 100 000 сом
2-орун — 80 000 сом
3-орун — 60 000 сом
Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарын, уюмдарды, билим берүү мекемелерин жана бизнес коомчулуктун өкүлдөрүн конкурстарга активдүү катышууга чакырат.
Арыздар жана сынак материалдары аймагына жараша райондук администрациялар тарабынан 2026-жылдын 30-апрелине чейин төмөнкү даректер боюнча кабыл алынат:

* Октябрь райондук администрациясы — Байтик Баатыр көчөсү, 17.
* Ленин райондук администрациясы — Чүй проспектиси, 315.
* Свердлов райондук администрациясы — Чүй проспектиси, 28.
* Биринчи Май райондук администрациясы — Жибек Жолу проспектиси, 348.
Сынактарды өткөрүү жөнүндөгү жободо баалоо критерийлери, катышуу шарттары жана документтерди тапшыруу тартиби толук камтылган. Кеңири маалымат төмөнкү шилтемеде: https://docs.google.com/…/1DLqVcnRdCqDADe5M8H…/edit…

13