7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кенияда пил кызды бир нече жолу сүзүп, тебелеген

633

Испаниялык турист Кенияда сафари учурунда жабыркаганын «Ultima Hora» сайты жазып чыкты.

Эли Фернандес Африкага бал айына келип, бул эс алуусу унутулгус болгонун TikTok социалдык тармагына жүктөгөн видеосунда айткан. Пил тебелеп кеткенден кийин, ал аман калганына сүйүнгөн.

Ал күйөөсү менен Элатиа Мара лагеринде эс алып жүргөндө аларга мейманкананын кызматкери келип, унаа токтотуучу жайда жапайы жаныбарлар жүргөнүн айткан. Туристтерге аларды жакшыраак көрүү үчүн жакын келүүнү да сунуштаган.

«Мен адырга чыгып, пилдерди көрдүм. Алардын бири дароо бизди көздөй чуркады» деди Фернандес.

Ошол замат кыз жыгылганда пил аны тебелеп, бир нече жолу сүзүп салган.

“Менин денелерим ооруп жатат. Тебеленген жерлерим көк-ала болуп калган. Бул жаныбардын салмагы тонна да, менин эч жерим сынбаганына дагы деле таңмын” – деди ал.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

634