Кечээ, 7-декабрда Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Сыны айылындагы мамлекеттик бала бакча толугу менен күйүп кетти. Бул маалыматты ӨКМнын басма сөз кызматы ырастады.
«Жалпы аянты 750 чарчы метр болгон “Айданек” мамлекеттик бала бакчасы толугу менен күйгөн. Учурда өрттүн себеби такталууда. Кырсыктан жабыркагандар жок», — дешти министрликтен.