7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өкмөт маданият тармагына 72 автоунаа алып берди

184

Бүгүн, 18-июлда Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине 72 даана жаңы автоунаанын ачкычын тапшырды.

Ал белгилегендей, 2025-жылга бекитилген бюджет боюнча маданият тармагына 3 млрд сом каралган.

“Жаңы автобустар – китептерди, жабдууларды, адистерди өз убагында жеткирүүгө, көчмө концерттерди, көргөзмөлөрдү уюштурууга, маданий-агартуу иш-чараларын өткөрүүдө кызматкерлерге ыңгайлуу шарт түзөт деп ишенебиз”, – деди МинКаб төрагасы.

Белгилей кетсек, 72 автоунаа 359 млн сомдон ашык каражатка сатып алынган. Анын 15и – чоң автобус, 57си – кичи автобус. Алынган автоунаалар бардык заманбап талаптарга жооп берет.

185