7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өкмөт маркумду жерге берүү жана мүрзө ташын орнотуу тартибин бекитти

536

Маркумду көмүү жана мүрзөгө эстеликтерди орнотуу тартиби бекитилди. Тиешелүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Анда адамдын тутунган динине жана социалдык абалына карабастан маркум жаткан жайдын үстүнө эстелик, монумент, статуяларды орнотуп, гранит, мрамор жана башка кымбат баалуу таштардан, темирлерден тосмолорду койбоо.

Мындан тышкары мүрзөнүн үстүнө коюла турган эстеликтин бийиктиги 70 сантиметрден жогору болбошу кажет жана өтө зарыл болбосо бейитти тосмолобоо сунушталат.

Зарылдыгына карап, ысырапкорчулукка жана ашыкча чыгымга жол бербей, жыгачтан же башка чирибес материалдардан жөнөкөй тосмо жасаса болот.

537