7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

КМШ алкагында зыяндуу заттарга каршы күрөшүү багытындагы протокол каралды

514

Бүгүн, 10-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында «2019-жылдын 25-октябрында Москва шаарында кол коюлган, 2000-жылдын 30-ноябрындагы Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине катышкан мамлекеттердин баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду мыйзамсыз жүгүртүү менен күрөшүүдөгү кызматташтыгы жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндөгү» мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралды.

Мыйзам долбоору баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду мыйзамсыз жүгүртүү менен күрөшүүдө Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине катышкан мамлекеттердин компетенттүү органдарынын өз ара кызматташуусун өркүндөтүү боюнча көрсөтүлгөн Макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караштырган Протоколду ратификациялоо боюнча мамлекеттик ички жол-жоболорду жүргүзүүгө багытталган.

Талкуудан соң мыйзам долбоору үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Андан тышкары, парламент жыйынында “2019-жылдын 1-октябрында Ереван шаарында кол коюлган, 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду (1) ратификациялоо жөнүндөгү» мыйзамдын долбоору үчүнчү окууда каралып каралып, добуш берүүгө жөнөтүлдү.

515