Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаарында ички иштер министрлигинин кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 15-декабрда Жалал-Абад облусунун Ноокен РИИБнин Кочкор-Ата шаардык милиция бөлүмүнүн кызматкери «Э.Ш.К» аттуу кызматкер Кочкор-Ата шаарынын тургунун кылмыш жоопкерчилигине тартуу менен коркутуп, маселени оң жагына чечип берүү үчүн 50 миң сом акча каражатын талап кылган.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 343-берененин 1-бөлүмүндө (опузалап пара талап кылуу) боюнча каралган кылмыштын негизинде кылмыш иши козголгон.
Кармалган адам УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча тергөө камак жайына киргизилди.
Учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тиешелүү иш-чаралар уланууда.