Аламүдүн районунун тургуну Улан Жумаков депутат Сеид Атамбаев менен Дастан Бекешов тууралуу пикирин билдирди.
«Экс президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Сеид Атамбаев парламентте элдин эмес атасынын кызыкчылыгы үчүн иштейт. Аламүдүндүн тургундары эмне үчүн аны шайлады же атасы тууралуу айтып берсин деппи?! Мен өзүм Аламүдүн районунда жашайм бирок, ал жакта жаңы курулган жолдор жок, спорт мектептери жана китепкана дагы жок. Башкача айтканда, биздин айылда эч нерсе жок. Эмне үчүн депутаттар ушул маселелерди чечпейт. Элдин көйгөйүн ушунчалык ойлоп жатсаңар алгач айылдагы көйгөлөрдү чечишпейби. Жергиликтүү депутаттар «элдин көйгөйүн чечип берип жатам», «мен депутатмын»,- деп мактанышат. Дастан Бекешовду эмне үчүн Октябрский район шайлады же өзүн пиар кылыш үчүнбү?! Шайланып жатканда айылдан чыкпай, элдин көйгөйүн карамыш этип социалдык тармактарда өзүн активдүү көрсөттү элего. Парламентке баргандан кийин бир гана митинг болгондо эле келип калат»,- деди ал.
Посмотреть эту публикацию в Instagram