7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кочкордо жөө адамды сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды

551

Кочкор районунда жөө адамды сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, кечээ, 18-октябрда Кочкор — Арал автожолунда белгисиз унаа Балыкчы шаарынын тургуну 1981-жылы туулган А. М. аттуу жаранды сүзүп, окуя болгон жерден изин жашырып качып кеткени тууралуу маалымат түшкөн.

Жөө жүргүнчү жол кырсыгынан алган жаракатынан улам Кочкор райондук ооруканасына жаткырылган.

Шектүү айдоочуну табуу максатында облус боюнча атайын «Перехват» операциясы киргизилип, райондун аймагына күзөттөр коюлуп, ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлө баштаган.

Натыйжада Кочкор райондук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан из жашырып кеткен айдоочу Кочкор районунун тургуну 1970-жылы туулган Ш. М. аттуу жаран «Субару-Легаси» унаасы менен кармалып, андан ары териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Ал эми унаа айып короосуна токтотулду.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

552