Кадамжай районунда 10 жаштагы бала сууга чөгүп кеткенин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Кечээ күнү, Кереге-Таш айылында 2012-жылы туулган Т.А. аттуу өспүрүм Исфайрам-Сай дарыясына түшүп кеткен.
Жерине 8 куткаруучу тартылып, издөө иштерин жүргүзгөн. Бирок баланын денеси табыла элек. Издөө бүгүн да уланууда.