7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Колунда баласы менен тилемчилик кылган аял талкууга түштү

363

Колунда баласы менен тилемчилик кылган аял талкууга түштү. Ал Тоголок Молдо менен Москва көчөлөрүнүн кесилишинде экени жана бала кыймылдабай турганы айтылган.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында баланы көтөрүп алып тилемчилик кылып жүргөн аял киши тууралуу маалымат Биринчи май РИИБдин кызматкерлерине түшкөн.


Айтылган дарекке РИИБдин инспекторлору барып, окуянын чоо-жайын такташты. Баланын абалы жакшы. Наристе менен аны көтөрүп жүргөн аял тактоо иштерин жүргүзүү үчүн укук коргоо органдарына жеткирилген.


Бирок аялдын жанында паспорту жок болуп чыкты. Өзүнүн айтымында, Өзбекстандын жараны, 28 жашта. Эч жерде иштебей турганын, 2016-жылы туулган кызы А.А. менен тилемчилик кылып жатканын айткан. Наристе балдардын социалдык адаптация борборуна жеткирилди. Окуянын чоо-жайы такталат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

364