Жалал-Абад облусунда мыйзамсыз көмүскө кумар оюндары аныкталып, анын ишине бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, компьютердик оюн клубунун атын жамынып, мыйзамсыз көмүскө кумар оюн жайларды уюштуруп, күн сайын 50гө жакын кардарды тейлеп жүргөн клуб аныкталган.
Бүгүн 15-июлунда ыкчам-издөөнүн натыйжасында УКМК кызматкерлери мекеменин администратору “К.Т.К”ны кармашкан. Аталган мекеменин уюштуруучулары КР жарандары «К.Ж.» жана «О.Н.” экендиги аныкталган.
Азыркы учурда тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралар улантылууда.