7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Конституциянын жаңы долбоору боюнча референдум дайындоо жөнүндө» мыйзам экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алынды

566

Бүгүн, 11-мартта Жогорку Кеңеште референдум жөнүндө мыйзам долбоору экинчи, үчүнчү окууда кабыл алынды.

Жалпы 100 депутат каттоодон өтүп, «макул» деп 94, «каршы» деп 6 депутат добуш берди.

Кечээ, 10-мартта референдум тууралуу мыйзам долбооруна добуш берилген эмес.

Буга чейин депутаттар добуш берүү процессинде бири-бири үчүн же келбеген эл өкүлдөрү үчүн добуш берип койгон учурлары далай ирет талкууга алынып келген. Ал тургай абактагы депутаттын ордуна дагы добуш бергендер болгон.

Мында маалымат каражаттарынын өкүлдөрү депутаттардын добуш берүүсүн тартууга даярданып жатышты.

Мыйзам долбоорунун авторлорунун бири Бактыбек Турусбеков Конституциянын долбоору боюнча референдумду 11-апрелге белгилөө сунушталып жатканын айткан.

Бул мыйзам долбоору боюнча талаш-тартыш жаралган.

567