7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Конституциянын жаңы долбоорунда депутаттардын саны 90го чейин кыскарган

375

Бүгүн, 26-январда Конституциялык Кеңешме Конституциянын жаңы редакциясынын долбоорун талкуулап жатат. Фундаменталдык өзгөрүүлөрдүн бири — депутаттык корпустун кыскартылышы.


Жыйындын төрагасы Бекбосун Бөрүбашев мыйзам долбоордо депутаттардын саны 90го чейин кыскаргандыгын, ошол эле учурда шайлоо тутуму өзгөрбөгөнүн билдирди.


«Биз депутаттардын санын жана мандаттын мөөнөттөрүн гана көрсөттүк. Шайлоо тутуму кандай болорун Жогорку Кеңеш өзү чечиши керек», — деди «Мамлекеттик бийликтин органдарынын» секциясынын башчысы Болот Токтобаев.


Бөрүбашев президенттик башкаруу формасына карабастан, Жогорку Кеңештин позициясы солгундабай тургандыгын, бийликтин бардык чөйрөсүндө чечим кабыл алууга катышарын кошумчалады.


Эске салсак, өткөн референдумда шайлоочулардын көпчүлүгү президенттик форманы колдошкон. Өлкөнүн башкы мыйзамынын тийиштүү долбоору Конституциялык Кеңешме тарабынан иштелип чыккан.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

376