7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кореянын KOICA агенттиги 5 жыл Кыргызстандагы киберкоопсуздукту көзөмөлдөйт

838

Корянын KOICA агенттиги 5 жыл бою Кыргызстандагы киберкоопсуздук боюнча долбоорду каржылайт. Долбоорду ишке ашырууга 5 млн АКШ доллары сарпталат. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, бүгүн 13-сентярь УКМК менен Корея Эл аралык Кызматташтык Агенттиги (KOICA)  «Кыргыз Республикасында компьютердик инциденттерге ыкчам чара көрүү борборун (SOC) түзүү» гранттык долбоорун ишке ашыруу боюнча талкуулоо протоколуна кол койду.

Салтанатка УКМК төрагасы генерал-лейтенант Ташиев Камчыбек, Корея Республикасынын Кыргыз Республикасындагы атайын ыйгарым укуктуу элчиси Ли Вонджэ мырза жана KOICA өкүлчүлүгүнүн Кыргызстандагы директору мырза Ли Жонгсу катышты.

«Кыргыз Республикасында компьютердик инциденттерге ыкчам чара көрүү борборун (SOC) түзүү» долбоору, өлкөдөгү киберкоопсуздуктун абалын бекемдөөгө багытталган.

KOICA долбоорунун алкагында, SOC борборун түзүү, жабдуулар жана программалар менен камсыздоо, мамлекеттик органдардын киберкоопсуздугун коргоо жана адамдык потенциалды өнүктүрүү боюнча чечимдерди жайылтуу пландаштырылууда. Долбоор 2021-жылдын 2025-жылга чейин созулат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

839