7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

КР эл акыны Рамис Рыскулов көз жумду

666


Кыргыз Республикасынын Эл акыны Рамис Рыскулов 87 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Жазуучулар Союзунан билдиришти.


Рамис Рыскулов Чүй облусунун Москва районунун Кызылтуу айылында 1934-жылы 9-сентябрда туулган.

1951-жылы Фрунзе педагогикалык окуу жайын бүтүрүп, Москва шаарындагы ВЛКСМ Борбордук Комитетине караштуу Борбордук Комсомол мектебине жөнөтүлөт. Бул мектептеги 2 жылдык окуудан кийин Максим Горький атындагы Бүткүл Союздук адабият институтуна өтөт. Эмгек жолун «Кыргызстан пионери» гезитинин редакциясында адабий кызматкер болуп иштөөдөн баштаган, кийин «Ленинчил жаш» гезитинин редакциясында, 1959–1960-жылдары «Ала-Тоо» журналынын редакциясында эмгектенген. Анын ырлары «Кыргызстан маданияты», «Эркин Тoo» жана башка гезит беттеринде жарыяланган.


Акын ак ырды киргизүү менен кыргыз совет поэзиясын жаңырткан. Биринчи ырлар жыйнагы 1959-жылы “Жаз” деген ат менен жарык көргөн. Ал кыргыз тилине А. С. Пушкиндин, В. В. Маяковскийдин, Н. А. Некрасовдун, Л. Вознесенскийдин, X. Алимжандын ж. б. чыгармаларын которгон. 1986-жылы «Ырлар» жыйнагы Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлыгына татыктуу болгон. 1959-жылдан ССРС Жазуучулар союзунун жана 1990-жылдан ССРС Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү. 1987-жылы ССРС Эл чарбасынын жетишкендиктеринин көргөзмөсүнүн лауреаты болгон. Кыргызстан ЛКЖС Борбордук Комитетинин Ардак грамоталары менен сыйланган. 1995-жылы “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери”, 1996-жылы “Кыргыз Республикасынын Эл акыны” ардак наамдары берилген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

667