7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кримтөбөл Досоновго байланышы бар жаран кармалды

515

Кримтөбөл «Женго» каймана аты бар Кадыр Досонов менен тыгыз байланышта болгон жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдирет.

54 жаштагы С.К.А аттуу жаран Ош шаарынын жана Ош облусунун ишкерлеринен кыймылсыз мүлк объектилерин мыйзамсыз тартып алган.

физикалык зомбулук көрсөтүү жана өмүрүнөн ажыратуу менен коркутуп, Кара-Суу районунун Шарк айылында жайгашкан «Пахта заводун», Кашкар-Кыштак айылындагы «Трактордук гаражды», май чыгаруучу цехти жана теплицаны мыйзамсыз ээлеп алган.

Ал завод-фабрикалардын өндүрүштүк муктаждыктарына жеңилдетилген кредит алуу шылтоосу менен жабырлануучунун ишенимине кирип, көрсөтүлгөн объектилерди өзүнүн наамына кайра каттатып койгон.

Жарандын жашаган жерин тинтүү учурунда 2 даана жылмакай ок атуучу курал, бычактар, ИИМдин кызматкеринин өздүк күбөлүгү жана бул өндүрүш объектилерине тиешелүү документтер табылды.

Аталган киши УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

516