Кыргызстандык Валентина Шевченко UFC уюмунун чемпиондук курун кайтарып алды.
Бүгүн, Лас-Вегаста (АКШ) өткөн беттешинде мексикалык атаандашы Алекса Гроссону утту. Беттештин жүрүшүндө Шевченко үстөмдүк кылып, төртүнчү раундда эки ирет муунтуу ыкмасынан чыгып кете алды.
Мушкер кыздар үчүнчү ирет октагонго чыгышты. Биринчи кармашта Гроссо жеңишке жетип, чемпиондук титулду Шевченкодон тартып алган. Ал эми, экинчисинде экөө тең чыгып, мексикалык спортчу чемпиондук титулун сактап калган эле.