7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кримтөбөл Рыспек Акматбековдун ата-энеси жол кырсыгынан каза болду

2454

Бүгүн, 4-октябрь күнү  Ысык-Көлдө «Лексус 300» автоунаасы жол кырсыгына кабылып, 2 жаран каза болду. Бул маалыматты Ысык-Көл РИИБинин басма сөз кызматы тастыктады.

Маалыматка ылайык кырсык саат 10.05 чамасында, «Балыкчы-Ананьево-Каракол» автоунаа жолунун 26,00-чакырымынан, тагыраагы Тору-Айгыр менен Чырпыкты айылдарынын ортосунда катталган.

«Унааны Чолпон-Ата шаарынын тургуну 1937-ж.т. А. А. башкарып бара жатып, рулга ээ боло албай жолдон чыгып ала салып кеткен. Натыйжада айдоочу жана жанындагы жүргүнчү  жубайы 1940-ж.т. Ү. С. экөө кырсык болгон жерден каза болуп калышкан«- деп жазылат.

Окуя Ысык-Көл РИИБнүн кылмыш жана жоруктарды каттоо китебине катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

«Акипресс» басылмасы каза болгондор, белгилүү кримтөбөл Рыспек Акматбековдун ата-энеси экендигин жазды.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

2455