7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кропоткин көчөсү оңдоо иштерине байланыштуу жабылат

741

Бишкекте 29-майдан тарта Кропоткин көчөсүнүн Ахунбаев көчөсүнөн Скрябин көчөсүнө чейинки бөлүгү оңдоо иштерине байланыштуу жабылат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кытайдын гранттык каражаттарынын эсебинен «Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү» долбоорунун алкагында жүргүзүлүп жаткан оңдоо иштерине тоскоолдук жараткан тосмолор жана чарбалык курулуштар бузулат.

Беларусь көчөсү унаалар өтүүчү альтернативалык жол болот. Ишти ушул жылдын июль айынын аягына чейин бүтүрүү пландалууда.

«Урматтуу шаардыктар! Борбор калаанын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт, жүргүзүлүп жаткан жол иштерине түшүнүү менен мамиле жасап, каттамыңызды алдын ала пландаштырууну суранат»,- деп берилет билдирүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

742