Бүгүн, 28-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Кумтор Голд Компани” жабык акционердик коомунда алтындын сатылышы, жалпы өндүрүлүшү жана Кыргызстандын энчисине өткөндөн берки иш-аракеттерин иликтөө максатында убактылуу депутаттык комиссия түзүлдү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Комиссиянын курамына Марлен Маматалиев, Балбак Түлөбаев, Адахан Мадумаров, Исхак Масалиев, Жанарбек Акаев, Нилуфар Алимжанова, Надира Нарматова, Нурланбек Шакиев, Марат Мураталиев, Улугбек Ормонов, Шайлообек Атазов, Арсланбек Малиев жана Максат Сарбагышев кирди.