7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кумтөрдө иш токтогон жок, ишкана мурдагы калыбында иштеп жатат

791

Кумтөрдө иш токтогон жок, алтын чыгаруучу ишкана мурдагы калыбында иштеп жатат. Бул тууралуу «Кумтөрдөгү» өндүрүш боюнча директорунун милдетин аткаруучу Нурдин Усенов Кумтөрдүн ишмердүүлүгү боюнча билдирди.

Маалыматка ылайык, эксперт, эколог Динара Кутманова «Центерра Голд» компаниясы кен иштетүүдө Өкмөт тараптан коюлган талаптар бузулуп, өзүм билемдик менен мөңгүлөрдү талкаланып келгенин айтып, мамлекеттик комиссия аныктаган доонун көлөмүнө токтолду.

«256,8 млрд. сом, ошол учурдагы курс боюнча 5,4 млрд. АКШ доллары деп эсептелсе, мамлекеттик комиссия 6,6 млрд. сом, ошол кездеги курс боюнча 141 млн. доллар деп эсептеп берген. Бирок иш жүзүндө мыйзамдын талаптары аткарылган эмес. 256 млрд. сомго макул болбой, акчалай айыптын өлчөмүн дээрлик 250 млрд. сомго азайтып, 6,6 млрд. сомго түшүргөн, бирок ошону дагы өндүрүүгө аракет жасабаган мамлекеттик кызмат адамдарынын жоопкерчилиги каралган эмес”,-дейт.

Эскерте кетсек, учурду мамлекеттик комиссия «Центерра Голд» компаниясын кен иштетүүдө келтирилген экологиялык чыгымдар жана салыктарды төлөөдөгү мыйзам бузууларды аныктап сотко берген. Өкмөт бул доолорду өндүрүү үчүн Эл аралык арбитраждык сотторго дагы берүүгө даяр экенин билдиришүүдө.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

792