Эртең, 29-майда, Бишкекте Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Кыргыз Республикасынын президенти – өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн башкы колбашчысы Садыр Жапаровдун катышуусунда Куралдуу күчтөрдүн түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өтөт. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чараны УТРК жана республикалык телеканалдар түз алып көрсөтөт.
Эфир саат 11:00дө башталат.