Сарымсак медицинада 3000 жылдан бери колдонулуп келет. Жашылчанын жагымсыз жыты болгону менен сарымсактын пайдасы тууралуу көбү биле бербесе керек. Көлөмү кичинекей болгону менен анда пайдалуу микроэлементтер өтө көп. Курамында кальций, калий, марганец, кобальт, хром жана молибден бар. Байыркы грек дарыгери бул жашылчанын пайдалуу жактарын изилдеп, анын дарылык касиеттери менен бөлүшкөн.
Медицинада
Сарымсактын курамында ден-соолукка пайдалуу көптөгөн микроэлементтер камтылган. Бүгүнкү күнгө чейин, дарыканаларда сарымсактын негизинде жасалган бир нече фитотерапия препараттары сунушталат. Биринчиден, капсуладагы табигый кургак сарымсак порошогу. Ал гипертониялык ооруларда, атеросклероздо, суук тийүүдө, дисбиоздо, импотенцияда, ошондой эле миокард инфаркын алдын алуу үчүн ичүүгө көрсөтүлгөн. Дагы бир жалпыга маалым болгон сарымсак тундурмасы. Ал дем алуу органдарынын курч инфекциялык сезгенүү орууларын( бронхит, ринит, тонзиллит,гайморит, пневмония) алдын алат.
Сарымсактын организмге тийгизген таасири
Сарымсак табигый дары катары колдонулуп келет. Аны чийки боюнча же тамака кошуп колдонушат. Жашылчанын ден-соолукка тийгизген таасири элдерге илгертеден маалым болгон. Жөн жерден ал узак жашоонун символу болуп эсептелбейт.
Сарымсак рактын жана атеросклероздун алдын алуу, сөөктүн жана боордун иштешин, кан басымын төмөндөтүү, холестеринди азайтуу, көздүн көрүүсүн жакшыртуу күчүнө ээ.