7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Курсан Асанов 2 айга камакка калтырылды

281

Бишкектин  Биринчи май райондук соту Ички иштер министринин мурдагы орун басары, президенттикке талапкер болгон Курсан Асановдун баш коргоо чарасын карап, аны эки айга камакка алуу чечимин чыгарды.

Соттун 28-январдагы токтомуна ылайык, Асанов 26-мартка чейин Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын №21 тергөө абагында болот.

Курсан Асанов Жазык кодексинин 245-беренесинин 1-пункту («Имараттарды жана мекемени басып алуу») боюнча айыпталып, 26-январда кармалган.

Курсан Асанов 2020-жылдын 7-октябрында Ички иштер министринин милдетин убактылуу аткаруучу жана Бишкек шаарынын коменданты болгон. 6-октябрда таңга жуук эл Ак үйдү басып алып, бир катар саясий туткундар абактан чыгарылган.

9-октябрда борбордук «Ала-Тоо» аянтында болуп өткөн массалык башаламандыкка байланыштуу кылмыш иши ачылып, анын алкагында Курсан Асанов кармалган. Кийин үй камагына чыккан.

Курсан Асанов мурун Ички иштер министринин орун басары кызматын аркалаган. Ал эми парламенттик шайлоодо ал «Бүтүн Кыргызстан» партиясы менен аттанган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

282