7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Курсан Асанов кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди

288

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов кармалды. Бул тууралуу анын жактоочусу Икрамидин Айткулов  порталына билдирди.

Анын айтымында, ИИМдин мурунку кызматкери саат 16:55те кармалган жана ага «курал жарак менен имаратты басып алуу” беренеси боюнча айып коюлуп жатат. Азыркы тапта ал Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилгени маалым болду.

«Бул саясий негиздеги иш. Курсан Асанов Ички иштер министрлигинин имаратына ошол кездеги Коопсуздук Кеңешинин катчысынын орун басары болуп турган Өмүрбек Суваналиевдин көрсөтмөсү менен келген. Департаменттин жетекчилиги жеринде болгон эмес. Ал талап-тоноолордун алдын алуу максатында жүргөн жана ал абалды тартипке келтирди. Рахмат дегендин ордуна аны кармашканы акыйкатсыз болду. Курсан Асанов эч нерсеге кол койгон эмес, кадр маселесин да чечкен эмес”, — деди Айткулов.

Эске салсак, 2020-жылдын октябрындагы парламенттик шайлоодон кийин Бишкекте башаламандык болуп, бийликтин алмашуусуна алып келген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

289