Өзгөн районунун Лесхоз айылында жайгашкан «Куршаб» дарыясынын жээгинен болжол менен 25-30 жаштагы аялдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя тууралуу маалымат 102 кызматына 24-декабрь күнү саат 16:05 чамасында түшкөн.
«Жерине КР ӨКМнин №53 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары тартылып, аял кишинин жансыз денесин суудан чыгарышып ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен», — деп берилет маалыматта.