7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Курулуш. Экологиялык экспертизаны оң жагына чечип берүү үчүн сый акы алып турушкан

556

Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги экологиялык экспертизаларга оң корутунду бергендиги үчүн курулуш компнаниялардан пара алып турганы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, сый акы социалдык жана соода объектилерин курууда жүргүзүлгөн.


Ошентип, аталган бөлүмдүн жооптуу кызматкерлери мыйзамсыз баюу максатында, уруксат кагаздарын жана лицензияларды алууда жасалма жол менен тоскоолдуктарды жаратуучу механизмдерди киргизип, коммерциялык уюмдардын өкүлдөрүн 500дөн 5000 долларга чейин пара берүүгө аргасыз кылышкан.


«2021-жылдын 14-январында, көрүлгөн чаралардын натыйжасында, кезектеги акчалай сыйлыкты алган соң аталган мамлекеттик мекеменин ага инспектору пара менен кармалды. Учурда башка чиновниктердин катыштыгы бар экени аныкталууда», — деп берилет маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

557