7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Курулуш материалдарынын баасы өсүүдө, цемент менен кирпичти өлкө ичинде каерден арзан алса болот?

731

Үстүбүздөгү жылдын апрель айына карата цементке болгон баалар республика боюнча орточо эсеп менен 50 кг үчүн 306,67 сомду түзгөн. Бул өткөн жылдын апрель айына салыштырмалуу дээрлик 9 пайызга өскөн, ал эми кирпичтин баасы 2020-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 1000 даана үчүн 7 262,69 сомду түздү же 14 пайызга өстү.

Кыргызстанда курулуш материалдарына болгон баанын өсүшү уланууда. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин басма сөз кызматы билдирет.

Цементке максималдуу чекене баалар,

  • Чаек айылында -50 кг үчүн 374,97 сом,
  • Кербен -50 кг үчүн 369,46 сом,
  • Токтогул -50 кг үчүн 356,64 сом ,

Ал эми минималдуу баалар,

  • Өзгөн шаарында — 50 кг үчүн 274,95 сом,
  • Покровка айылында -50 кг үчүн 280,00 сом,
  • Ош шаарында — 50 кг үчүн 280,99 сом,
  • Бишкек шаарында — 50 кг үчүн 297,77 сом.

Кирпичке карата чекене баалар төмөнкү шаарларда орточо республикалык көрсөткүчтөн жогору өстү,

  • Токмок — 1000 даана үчүн 13 228,76 сом,
  • Нарын, Баткен, Талас — 1000 даана үчүн 10 000,00 сом

Ал эми ага карата минималдуу баалар,

  • Кербен шаарында -1000 даана үчүн 2 698,15 сом,
  • Кара-Суу шаарында -1000 даана үчүн 2 978,09 сом,
  • Токтогул шаарында -1000 даана үчүн 4 500,00 сом.

Цементке болгон баанын өткөн жылдын апрель айына салыштырмалуу эң жогору Кара-Балта шаарында — 22,2 пайызга жана Покровка айылында — 21,7 пайызга өсүшү катталды, ал эми кирпичке болгон баалар Исфана — 30,8 пайызга жана Бишкек шаарларында — 21,9 пайызга өстү.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

732