7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Куткаруучулар буттарын кокустатып алган чет өлкөлүк туристти ооруканага жеткиришти

542

Куткаруучулар буттарын кокустатып алган чет өлкөлүк туристти ооруканага жеткиришти. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка ылайык,кечээ, 21-августта Аламүдүн районунун Ала-Арча капчыгайындагы Жарылган-Жүрөк тоосунда Украина өлкөсүнүн 67 жаштагы Ж.Н. аттуу жараны жана ошондой эле капчыгайдагы шаркыратмага жакын жерден Чехия өлкөсүнүн 71 жаштагы К.Д. аттуу жараны буттарын кокустатып алышкандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине Бишкек шаардык куткаруу кызматынан 6 куткаруучу чыгышкан. Куткаруучулар жеткенге чейин Украина өлкөсүнүн жаранын «Ала-Арча» улуттук жаратылыш паркынын кызматкерлери «Тез жардам» кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми Чехия өлкөсүнүн жаранын куткаруучулар тоодон түшүрүп, №4 шаардык клиникалык ооруканасына жеткирип беришкен.

Учурда чет өлкөлүк аял туристтердин абалдары канааттандырарлык.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

543