Бүгүн, 4-ноябрда күндүз көпчүлүк аймактарда күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +16…+21, Таласта +15…+20, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +17…+22, Ысык-Көлдө жана Нарында +11…+16 градус болот.
Ал эми, Бишкекте +19…+21 жана Ош шаарында +20…+22 градусту көрсөтөт.