7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Куттуктайбыз! Айсулуу Тыныбекова эл аралык мелдеште алтын утту

669

Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Айсулуу Тыныбекова Zagreb Open биринчи рейтингдик турниринде алтын медаль утту.

Кыргызстандык спортчу алтын үчүн күрөштө америкалык Кайла Киеко Миракл менен кез келип, атаандашын 7:0 эсебинде артта калтырды.

Мелдеш 10-14-январь күндөрү Хорватиянын Загреб шаарында өтүп жатат.

Финал үчүн беттеште Айсулуу Тыныбекова япониялык Сакура Мотоки менен күч сынашып, акыркы аракети үчүн япониялык балбанды 3:3 эсебинде жеңип алды.

Эскерте кетсек, өткөн жылдын сентябрь айында өткөн Дүйнө чемпионатынын финалдык беттешинде Айсулуу Тыныбекова Сакура Мотоки менен күч сынашып, аны 4:1эсебинде жеңип, Дүйнөнүн үч жолку чемпиону аталган.

670