Жалал-Абад облусунун Кара-Көл ШИИБнин улук тергөөчүсү опузалап пара талап кылуу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.
Кармалган тергөөчү «Ы.Н.Э.» козголгон кылмыш ишин оң тарапка чечип берем деп, 40 миң сом өлчөмүндө пара талап кылган.
Кече, 24-июнда Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 1-бөлүгү (Опузалап пара алуу) менен кармалып, Жалал-Абад шаардык ИИБ убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Азыркы учурда тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралар жүрүп жатат.