
Бүгүн, 28-январда Кыргыз Эл акыны Рамис Рыскуловду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүп жатат. Акындын сөөгү «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлат.
Саат 14:00 дө эскерүү митинги болуп, 14:30да сөөктү алып чыгышат.
Рамис Рыскуловду акыркы сапарга узатуу зыйнатына Маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков, Кыргыз улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Нурлан Калыбеков, акын-жазуучулар жана башкалар келип жатат. Президенттик аппараттан да келишет.
26-январда Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз Республикасынын эл акыны, белгилүү акын, котормочу жана сүрөтчү Рамис Рыскулов 86 жаш курагында дүйнөдөн кайтты.