7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргыз-казак чек арасында 500дөн ашуун жүк ташуучу унаа топтолду

507

Кыргыз-казак мамлекеттик чек ара тилкесиндеги “Ак-Тилек-автожол” жана “Чалдыбар-автожол” көзөмөл өткөрүү жайларында жүк ташуучу унаалардын топтолуусу байкалууда.

Чек ара кызматынан кабарлагандай, бүгүн саат 12.30га карата “Ак-Тилек-автожол” пунктунда Кыргызстандан чыгууга 430 жүк ташуучу унаа турат. Өткөн суткада Кыргызстандан Казакстанга 342 унаа чыккан. Ал эми “Чалдыбар-автожол” көзөмөл-өткөрүү жайында Кыргызстандан Казакстанга багыт алган 90 жүк ташуучу унаа катталган. Тез бузулуучу азык-түлүк менен жаныбарлар менен өткөн транспорт каражаттары өткөрүү жайынан кезеги жок өткөрүлөт.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын Чек ара кызматы тарабынан да, Казакстандын Чек ара кызматы тарабынан да жүк ташуучу унааларга эч кандай чектөөлөр жок. Кыргыз-казак мамлекеттик чек ара тилкесинде өткөрүү жайлары штаттык режимде иштеп жатат.

 

508