7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргыз-казак чек арасындагы унаалардын кезеги дагы узарды

646

Кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек” өткөрмө бекетинде Кыргызстандан Казакстанга өтө албай турган жүк ташуучу автоунаалардын кезеги дагы узарды.

Чек арада турган айдоочулар “Азаттыктын” кабарчыларына Казакстан күнүнө 5-6 гана машинени өткөрүп жатканын, ушул тапта 500гө чукул жүк ташуучу автоунаа кезекте турганын айтып беришти.

Кыргызстандын Чек ара кызматы 21-августта 370тей машине Казакстанга өтө албай, кезекте турганын билдирген. Мекеме кыргыз тарап автоунаалардын жай өтүшүнүн себептерин талкуулоо үчүн Казакстандын чек ара өкүлдөрү менен жолугушуу маселесин карап жатканын кабарлаган.

Казакстан окуя боюнча азырынча комментарий бере элек.

Булак: Азаттык кж

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

647