7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргыз-тажик чек арасында жараат алган 88 жаранга өкмөт кам көрөөрүн билдирди

932

КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эрлан Сапарбаев кыргыз-тажик чек арасындагы окуяда жараат алган жарандардан кабар алып, өкмөт ар бирине кам көрөөрүн билдирди.

Белгилей кетсек кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышуудан облуста жалпы 179 жаран ар кандай жараат алып, анын 33 каза болду. Каза болгондордун үчөө аскер кызматкери болсо, калганы жергиликтүү тургундар.

Учурда жалпы 88 жаран ооруканаларда дарыланып жатат, 56 жаран Бишкек шаарында, 32 жаран облустук жана аймактык ооруканаларда дарыланса, калганына амбулатордук жардам көрсөтүлгөн. Жараат алгандар бардык керектүү медициналык каражаттар менен камсыз болууда.

Бейтаптарга медициналык жардам көрсөтүү үчүн, Баткен облусуна, өлкөнүн бардык аймактарынан 70ке чукул дарыгерлер келген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

933