Кыргыз-тажик чек арасында түзүлгөн кырдаалды иликтөө жана жөнгө салуу боюнча жумушчу топту биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков жетектейт. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.
Белгилей кетсек, бүгүн түштөн кийин президент Садыр Жапаров өкмөт мүчөлөрү менен Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги кырдаал боюнча ыкчам кеңешме өткөргөн.
Ыкчам кеңешменин жыйынтыгында түзүлгөн кырдаалды иликтөө жана жөнгө салуу боюнча биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков башында турган жумушчу топ түзүү тууралуу чечим кабыл алынган.
Тышкы иштер министрлигинин алдына дипломатиялык каналдар аркылуу тынчтык жолу менен кырдаалды жөнгө салуу боюнча иштерди улантуу милдети коюлду.
Ал эми өкмөт башчысы Улукбек Марипов кече кечинде ЭАЕБдин жыйынына катышуу үчүн мамлекеттик делегация менен бирге Татарстандын Казань шаарына кеткендигин өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.