7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Театр жана кино искусствосунун залкар таланты Жамал Сейдакматованын эстелиги орнотулду

572

Кыргыз театр жана кино искусствосунун залкар таланты, Кыргыз Республикасынын эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Жамал Сейдакматованын эстелиги орнотулду.

Ага Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу, президенттин Ысык- Көл облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлү Ильяз Иманбетов, Жогорку Кеңештин депутаты Гүлкан Молдобекова, Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору Кайрат Иманалиев, белгилүү коомдук – маданий ишмерлер жана туугандары катышты.

Эстеликтин ачылышында «Кыргыз керемети» аталган кыргыз кинолорунда бир катар ролдорду зор чеберчилик менен аткарып, кыргыз кино жаатын өнүктүрүүгө кошкон салымы, бүтүндөй өмүрүн театрга арнаган өрнөктүү өмүрү эскерилди.

Жамал Сейдакматова 1939-жылдын 21-сентябрында Ысык-Көл районунун Темир айылында туулган. 1957-жылы Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрына кабыл алынган. Ошол күндөн өмүрүнүн акырына чейин улуу актриса катары талыкпай эмгек кылуунун үлгүсүн көрсөтүп келди.

Кыргыз сахнасында Катаринанын, Дездемонанын, Найман эненин, Кишимжандын жана башка каармандардын мыкты образдарын жаратканы менен элдин эсинде калды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

573